Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:14

Текебаевдин камерасындагы видеокөзөмөл алынат


Өмүрбек Текебаевдин сотунан тартылган сүрөттөр.
Өмүрбек Текебаевдин сотунан тартылган сүрөттөр.

Өкмөт башчы Сапар Исаков 11-апрелде Жаза аткаруу кызматынын башчысы Таалайбек Жапаровго абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин камерасындагы видеокөзөмөлдүн мыйзамдуулугун карап көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Таалайбек Жапаров бул маселе чечилерин, видео-көзөмөлдү алып салуу боюнча Өмүрбек Текебаевдин өтүнүчү аткарыларын, видеокөзөмөл камеранын сыртына коюларын билдирди. Жапаров абактагылардын коопсуздугу үчүн видео-аудио көзөмөлдү камеранын ичине орнотууга мыйзам жол берерин өкмөт башчыга маалымдады.

Өмүрбек Текебаев камалып турган камераны күнү-түнү видеокөзөмөлгө алуу адам укугун бузарын парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов көтөрүп чыккан. Ал өкмөт башчыдан видеокөзөмөлдү алып салууну талап кылган.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чыры боюнча коррупцияга айыпталып, өткөн жылы февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыраткан.

Өмүрбек Текебаев жаза мөөнөтүн №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкада №27 абакта өтөп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG