Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 20:56

Сегизбаев менен Жолдубаеванын жоопкерчилигин кароо сунушталды


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы жана кызматтан кетип жаткан баш прокурор "саясий буйрук" менен иштегени үчүн жоопкерчилик тартышы керек. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанар Акаев айтты:

- Кыргыз чиновниги үчүн эң оор жаза бул - отставка. Биз ушинтип түшүнүп калдык. Буга чейин жасаган иштерин, мыйзамсыз кылмыш иш козгогонун, адамдардын, саясатчылардын тагдыры менен ойноп жатканын ушул жерде талкуулаган кезибизде бизге каяша айтып, чиренип отурушкан. Эмне үчүн эң чоң жаза катары аларды отставкага кетирип коюшубуз керек? Мындай болбошу керек. Буга чейин жасаган иштерине, канча адамдын тагдыры менен ойногонуна, саясий буйрутманы аткарганына азыр жооп беришсин!

"Ата Мекен" фракциясынын депутаттары да Башкы прокуратуранын демилгеси менен абакка кесилген, миллиондогон сумма айыппулга жыгылган журналист жана активисттердин маселесин талдаган депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылышты.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кадрлары деп саналган Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаеванын дарегине коомчулукта сын көбөйүп, "саясий буйрукту аткарган аткаминерлер" деп сыпаттала баштаган. Экөө парламенттеги жыйындарда сүйлөгөндө бардык аракеттери мыйзам жүзүндө экенин белгилешкен.

Сегизбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан өз арызы менен 7-апрелде бошотулган. Ал эми өз милдетин начар аткарды деген жүйө менен президент Сооронбай Жээнбеков Жолдубаеваны баш прокурор кызматынан алууну парламентке сунуштаган. Жогорку Кеңеш 11-апрелде аны колдоду. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (27)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG