Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

Сохтогу чыр боюнча коңшулаш райондордун башчылары жолугушуп жатат


Чек арага чогулуп турган эл. Боз-Адыр айылы, 11-апрель, 2018-жыл
Чек арага чогулуп турган эл. Боз-Адыр айылы, 11-апрель, 2018-жыл

10-апрелде "Ширеч" насостук станциясынын кызматкеринин сабалышы боюнча Өзбекстандын Сох районунун акими менен Баткен районунун акими Сох аймагында жолугушту. Жолугушууга райондук милиция, прокуратура жана чек ара кызматтарынын жетекчилери да катышууда.

Ушул тапта Сох анклавы менен чектешкен Суу-Башы айылынын тургундары кыргыз-өзбек чек арасына топтолп турушат. Алар "Ширеч" насостук станциясын иштеткени барган кызматкерлер буга чейин да сохтук тургундардан ыдык көрүп жүрүшкөнүн айтышып, суунун үзгүлтүксүз берилишин талап кылып жатышат.

10-апрелде Суу-Башы айыл өкмөтүн сугат суу менен камсыз кылган "Ширеч" насостук станциясынын кызматкерин Сох анклавынын Шархабат айылынын тургундары сабап салышкан. Башынан жаракат алган моторист Баткен облустук ооруканасына жеткирилген.

Айыл өкмөт башчынын маалыматы боюнча, насостук станция жайгашкан жер Кыргызстанга таандык, бирок ал Сох анклавынын ичинде. Буга чейин да эки тараптын ортосунда сууга байланыштуу чыр-чатактар катталып келген.

Ушу тапта Сох анклавы тараптагы кыргыз-өзбек чек арасында милиция кызматкерлери, чек арачылар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чогулуп, кырдаалга көз салып турушат. (MdN)

XS
SM
MD
LG