Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:55

Азербайжанда президенттик шайлоо өтүп жатат


Бакуда добуш берген жаран. 11-апрель, 2018-жыл.
Бакуда добуш берген жаран. 11-апрель, 2018-жыл.

Бүгүн Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда белгиленген президенттик шайлоо өтүп жатат. Сурамжылоого караганда, бийликтеги “Жаңы Азербайжан” партиясы талапкерлигин көрсөткөн президент Илхам Алиев чоң ажырым менен жеңип чыгышы мүмкүн.

2016-жылы референдум аркылуу Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Алиев бул жолу утса төртүнчү мөөнөткө шайланып, өз өлкөсүн 2025-жылга чейин башкарат. Оппозициячыл партиялар добуш берүү таза өтпөсүн белгилеп, шайлоого бойкот жарыялашкан.

Учурда Алиевге атаандаш болуп чыккан жети талапкер тең бийликчил көз караштары менен белгилүү. Жарандык активисттер, Батыш өлкөлөрү жана эл аралык укук коргоо уюмдары Алиевдин бийлигин эркин маалымат каражаттарын, журналисттерди жана оппозициячыл көз караштагы саясатчыларды такай куугунтуктаганы үчүн сындап келишет.

56 жаштагы Алиев бийликти өз атасынан 2003-жылы өткөрүп алган.

XS
SM
MD
LG