Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Тогуз-Тородогу жагдайдан улам аким кызматтан алынат


Өрттөлгөн имарат.
Өрттөлгөн имарат.

Премьер-министр Сапар Исаков Тогуз-Торо районундагы кен компаниясында түзүлгөн жагдайдан улам аким Тилек Идирисов иштен алынаарын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңеште КСДП фракциясына өкмөттүн аткарган иштери боюнча отчет берип жатканда айтты.

Анын алдында депутат Кожобек Рыспаев маселе көтөрүп, элдин инвесторлорго кылган мамилесин сындады. Эл өкүлү каршылык акцияларынын чыгышына акимдин да күнөөсү бар экенин билдирген.

Өкмөт башчы Сапар Исаков бул маселе жөн калтырылбай турганын айтты:

- Тиешелүү адамдар жоопкерчилик тартышы керек. Бул менин принципиалдуу позициям. Бүгүн мен акимди жумуштан алам. Мунун баарын териштиребиз. Ал жакта бандиттер да бар дейт.

Өкмөт башчы тургундар чагымга алдырбашы керек экенин, жагдай иликтене баштаганын кошумчалады.

11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы нааразылык акциясынын учурунда аталган ишкананын курулушу бүтө элек имараты өрттөлдү.

Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык, нааразылык акциясына миңдей киши катышты. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, чогулгандар тартип сакчыларына да таш ыргытып, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эки милиционер жана бир жергиликтүү тургун жабыркап райондук оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылды.

Тогуз-Торо райондук акимчилигинин жетекчилери митинг болгонун "Азаттыкка" ырасташты. Бирок алар имараттын өрттөлүшү боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты. Аймактагы абалды милиция көзөмөлдөп жатат.

Жергиликтүү тургундар Макмал кенинде алтынды бөлүп алуучу кошумча фабриканын курулушуна көптөн бери каршылык көрсөтүп келатышат. Жашоочулар кенде алтынды бөлүп алуучу кошумча фабрика курулса, андан бөлүнгөн радиация адамдарга жана жаратылышка зыян тийгизээрин жүйө кылып жатышат. (SE)

XS
SM
MD
LG