Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Тогуз-Торонун акими кызматтан алынды


Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда жергиликтүү тургундардын митингинде "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын имаратын өрттөлдү. 11-апрель, 2018-жыл.
Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда жергиликтүү тургундардын митингинде "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын имаратын өрттөлдү. 11-апрель, 2018-жыл.

Тогуз-Тородогу жагдайга байланыштуу райондун акими Тилек Идирисов кызматтан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Мунун алдында депутат Кожобек Рыспаев окуя боюнча парламентте маселе көтөрүп, элдин инвесторлорго кылган мамилесин сындаган. Эл өкүлү каршылык акцияларынын чыгышына акимдин да күнөөсү бар экенин билдирген. КСДП фракциясынын жыйынында өкмөттүн иши боюнча отчет берип жатып премьер-министр Сапар Исаков да бул маселени жөн калтырбай турганын айткан болчу.

11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы нааразылык акциясынын учурунда аталган ишкананын курулушу бүтө элек имараты өрттөлгөн.

Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык, нааразылык акциясына миңдей киши катышты. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, чогулгандар тартип сакчыларына да таш ыргытып, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эки милиционер жана бир жергиликтүү тургун жабыркап, райондук оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылды.

Жергиликтүү тургундар Макмал кенинде алтынды бөлүп алуучу кошумча фабриканын курулушуна көптөн бери каршылык көрсөтүп келатышат. Жашоочулар кенде алтынды бөлүп алуучу кошумча фабрика курулса, андан бөлүнгөн радиация адамдарга жана жаратылышка зыян тийгизээрин жүйө кылып жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG