Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:58

Бишкектин көчөлөрүндө видео камералар иштей баштайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүнтөн баштап Бишкектин үч жерине коюлган видео камералар “Акылдуу шаар” долбоорунун алкагында иштей баштайт. "Таза коом” программасын ишке ашыруудагы алгачкы жыйынтыктар менен бүгүн премьер-министр Сапар Исаков таанышат. Анын бет ачары бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтөт. Маалыматка караганда, камералар Байтик Баатыр менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде, Байтик Баатыр - Ахунбаев, Байтик Баатыр - Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишине коюлган. Алар бир ай тест түрүндө иштетилет. Андан соң жол эрежесин бузган айдоочуларга билдирүү келе башташы керек.

“Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимге кыргыз өкмөтү менен кытайлык "Huawei Technologies" компаниясы 11-январда кол койгон. Келишимге ылайык, кытайлык компания Бишкек менен Ош шаарына, Бишкек-Ош, Бишкек-Чолпон-Ата жолдоруна жана "Манас" аэропортуна кетчү жолго көзөмөл камераларын орнотууга, аларды техникалык жактан тейлөөгө 60 миллион долларлык инвестиция жумшамак болгон. Ал эми долбоорду ишке ашыруу милдети Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу "Инфоком" ишканасына жүктөлгөн.

20-мартта “келишимде жазылган мөөнөт сакталбай, долбоорду ишке ашыруу боюнча документтер сапатсыз даярдалган” деген негизде өкмөт түзүлгөн келишимди бир тараптуу бузуп, аны Кыргызстан өзү аткара турганы айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG