Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Соттолгон саясатчылардын маселеси Жогорку Кеңеште каралат


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы соттолгон саясатчыларга, активисттерге жана журналисттерге козголгон кылмыш иштеринин мыйзамдуулугун, сот чечимдерин кайра кароо, териштирүү, тергөө маалындагы мыйзам бузууну иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылып жатат. Бул үчүн Жогорку Кеңешке кат жазылды. Комиссия түзүү маселеси парламенттин бүгүнкү жыйынынын күн тартибине киргизип, талкууланарын депутат Каныбек Иманалиев билдирди.

11-апрелде Жогорку Кеңештин он эки депутатынан турган “Парламентаризм үчүн” клубунун мүчөлөрү соттолгон, камалган саясатчылардын туугандары, адвокаттары менен жолуккан. Анда чогулгандардын бир топтору укук коргоо органдарынын жетекчилерин, ишти караган судьяларды жоопко тартууну талап кылышкан.

"Саясий туткундарды коргоо комитети" деп аталган бейөкмөт уюмдун маалыматына караганда, ушу тапта саясий негизде куугунтукталган деп эсептелген жарандардын саны 30 адамдан ашат. Комиссия түзүлүп, 30дан ашык киши саясий буйруктун курмандыгы болгону аныкталса, аларга карата сот чечимдери кайра каралышы мүмкүн.

Кыргызстанда учурда Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Бектур Асанов баштаган бир катар саясатчылар түрмөдө отурушат. Соттолгондордун арасында мурдагы башкы прокурор, экс-депутат Аида Салянова да бар. Аларга коррупция, бийликти басып алуу сыяктуу айыптар тагылган. Ошондой эле Нарын Айып, Дина Маслова өңдүү журналисттерге, укук коргоочу Чолпон Жакуповага да мурдагы бийликти сындаган макалалары, пикирлери үчүн ири өлчөмдө айып салынган. Соттолгондордун баары сот чечимдерин саясий буюртма деп баалашат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG