Линктер

ишемби, 21-апрель, 2018 Бишкек убактысы 21:02

"Салам" радиосунун эфирге чыкканына 17 жыл болду


Баткендеги "Салам" радиосу 17 жылдыгын белгилеп жатат. 12-апрель, 2018-жыл. Сүрөттө радионунун музыкалык редактору Алмаз Нарынов жана RJ Эргалы.

Баткендеги көз карандысыз "Салам" радиосунун эфирге чыкканына 12-апрелде 17 жыл болду. Бул радио Баткен облусу түзүлгөндөн кийин Тажикстан менен чектеш аймакта маалыматтык коопсуздукту камсыздоо максатында уюшулган.

Баткенде буга чейин 20дай көз карандысыз маалымат каражаттары түптөлүп, бирок ишин көпкө уланта албай, жабылган.

"Салам" радиосу FM 106.4 жыштыгында обого чыгып, аймактагы кыргызстандыктардан тышкары Тажикстан менен Өзбекстандагы чектеш жерлерде жашагандар да угат.

- Жакында сайт жана телевидениесин да ачууну пландап жатабыз, - деди радионун директору Улукбүбү Амирова

Аталган радио "Эл аралык толеранттуулук үчүн" коомдук уюмунун долбоору катары ачылган. Аны алгач ЮНИСЕФ каржылаган.

"Салам" радиосу "Азаттык" радиосунун өнөктөшү. 2005-2010-жылдары бийлик тарабынан кызматташууну токтотуу тууралуу көрсөтмөлөр болгонуна карабай, "Азаттыктын" берүүлөрүн алып берүүнү токтоткон эмес. (JsA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG