Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Депутат жолдорду оңдоого узак мөөнөт берилип жатканына нааразы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Республика - Ата Журт" фракциясынын мүчөсү Марлен Маматалиев Бишкекте жолдорду оңдоого өтө эле узак мөөнөт берилип жатканына нааразылыгын билдирди. Депутат 300 метрден ашпаган жолдор деле эки-үч айга созулуп, оңдоого жабылып жатканына кейип, бул шаардын башка көчөлөрүндө жол тыгынын жаратып жатканына көңүл бурду.

Марлен Маматалиев ошондой эле жаңы курулуп, пайдаланууга берилип жаткан жолдордун сапатына да көңүл буруп, аларды чала бүтүргөн жетекчилердин жоопкерчилигин кароону өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө тапшырды.

Бишкекте акыркы жылдары оңдолуп, пайдаланууга берилген жолдордун кайра эле жарактан чыгып жатканы маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда көп жазылууда.

Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, учурда борбор шаардагы 13 көчө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүш үчүн убактылуу жабылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG