Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:32

Текебаевдин саламаттыгы кошумча текшерилет


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов.

Бул тууралуу Улуттук кардиология борборунун жетекчиси Айнагүл Жумагулова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, буга чейинки алынган анализдердин жыйынтыгы жана текшерүүлөрдүн корутундусу боюнча 12-апрелде дарыгерлер консилиум өткөрдү:

-Консилиумда берилген маалыматтар боюнча, Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгын дагы кошумча текшерүү зарылчылыгы бар экени аныкталды. Кан тамырлары дагы текшерилүүгө тийиш, мындан тышкары невропатолог көрүшү керек.

Жумагулованын маалыматы боюнча, Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгын текшерүү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын дарыгерлери тарабынан жүргүзүлөт.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев №47 абактан 10-апрель күнү Улуттук кардиология борборуна жеткирилип, ден соолугу текшертилген. Текебаевди ооруканага которуп дарылоо же абакта калтыруу маселеси текшерүүлөрдүн жыйынтыгына жараша, дарыгерлердин корутундусуна ылайык чечилери айтылган.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу коррупция боюнча айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыраткан.

Өмүрбек Текебаев жаза мөөнөтүн №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкада №27 абакта өтөп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG