Линктер

бейшемби, 26-апрель, 2018 Бишкек убактысы 11:57

Бул тууралуу америкалык медиа Борбордук чалгын башкармалыгы - ЦРУнун директору, АКШнын мамлекеттик катчылыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн Майк Помпеонун Сенат комитетинде сүйлөй турган сөзүнүн текстине шилтеме кылып кабарлоодо.

Өз сөзүндө ал “Орусия агрессивдүү аракеттерин улантып жатканын, бул ошол агрессияга карата көп жылдардан берки жумшак саясатка” байланыштуу экенин, “эми бул бүткөнүн” билдирмекчи.

АКШнын мамлекеттик катчылыгына талакер ошондой эле президент Дональд Трамптын администрациясы Орусияны АКШга коркунуч катары карай турганына, бирок аны менен диалог жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн калтыруу керектигине да токтолмокчу.

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон кызматтан кетери 13-мартта жарыяланган. Президент Дональд Трамп анда өз чечимин саясий көз караштардагы айрымачылык менен түшүндүргөн болчу.

АКШ Сенатынын комитети бүгүн жаңы мамлекеттик катчыны бекитүү маселесине киришет. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG