Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) рейтингинде 40 тепкичке жогорулады.
Кезектеги рейтинг 12-апрелде федерациянын расмий сайтында жарыяланды. Анда улуттук курама команда 424 упай топтоп 75-орунга жайгашты. Бул кыргыз футболунун тарыхындагы эң жакшы көрсөткүч. Буга чейинки мыкты көрсөткүч 2016-жылы октябрь айында катталып, 99-орун болгон эле.
Бир ай мурда март айында жарыяланган рейтингде Кыргызстан 282 упай менен 115-катардан орун алган.
Быйыл март айында Кыргызстандын курама командасы Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында эки беттеш өткөргөн. 22-мартта Түштүк Кореяда Мьянма командасы менен ойноп 5:1 эсебинде жеңген жана алгачкы жолу 2019-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө жолдомо алган. Андан соң 27-мартта Бишкекте Индия курамасы менен беттешип, 2:1 эсебинде уткан.
Март айындагы рейтингде 211 мамлекет бар. Көч башын Германия, Бразилия жана Бельгия курамалары жетектейт. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан 88, Тажикстан 118, Казакстан 119, Түркмөнстан 129-орунда.
Ал эми Азия футбол конфедерациясына кирген командалар арасында Кыргызстан 7-орунда. (ECh)