Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

Бишкекте адам өмүрүн алган жарылуу иликтенип жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы "Профикс-Юг" ишканасында адам өмүрү кыйылган жарылуунун чоо-жайын иликтеп жатат. Анын жыйынтыгы менен кылмыш иши козголорун милициянын басма сөз катчысы Адыл Оморов "Азаттыкка" билдирди.

Аталган жеке ишканада 11-апрелде жарылуу болуп, 20 жаштагы жумушчу каза тапканын, 28 жаштагы жумушчу жарадар болуп ооруканага жеткирилгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаган.

- Экспертиза дайындалып, териштирүү бүткөндө бир чечим чыгат. Баштапкы маалыматтарга караганда, олифа сырын колдонгон цистернаны ачып жатканда ал жарылып кеткен, - деди Адыл Оморов.

"Профикс-Юг" ишканасынан комментарий алууга азырынча мүмкүн боло элек. Кабарларга караганда ишкана пластикалык курулуш материалдарын чыгарат. (SE)

XS
SM
MD
LG