Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Европа өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 86 миллион доллар бөлөт


Ноокен, Жалал-Абад.
Ноокен, Жалал-Абад.

Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы Кыргызстанга калкты таза суу менен камсыз кылуу долбоорун колдоо үчүн 86 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Брюсселде президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда аталган банктын Орусия жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча директору Наталья Ханжекова билдирди. Анын айтымында, бөлүнгөн каражаттын 36 миллион доллары гранттык негизде болот. Бул долбоор 2019-жылы башталып калышы ыктымал.

Мындан сырткары орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча жаңы долбоорлорду баштоо планы бар экенин Европалык банктын өкүлү билдирди. Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков бул долбоорлор аймактарды өнүктүрүү боюнча саясатка үндөш болоорун белгиледи.

Түштө президент Сооронбай Жээнбеков Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини менен жолуккан. Ушул эле күнү Кыргызстандын мамлекет башчысы Еврокеңештин президенти Дональд Туск, Еврокомиссиянын төрагасы Жан Клод Юнкер, Европарламенттин спикери Антонио Таяни менен жолугушат.

Жээнбеков эки күндүк жумушчу сапары менен Брюсселге 11-апрелде барган. (КЕ/BkA)

XS
SM
MD
LG