Оппозициячыл саясатчы жана коррупцияга каршы активисттин бүгүнкү жарыясына караганда, ал массалык нааразылык акциясын 5-майга, президент Владимир Путиндин жаңы мөөнөткө кызматка киришүү салтанатынан эки күн мурда белгилөөдө.
Навальный орусиялыктарды, ал атагандай, “цензурага, коррупцияга, жакырчылыкка, теңсиздикке” каршы чыгууга үндөдү.
Оппозициячыл саясатчынын айтымында, Орусиянын ар кайсы шаарларында 5-майдагы митингдерди өткөрүү үчүн жергиликтүү бийликтерге күн мурунтан арыз берилет. Бирок бийликтер уруксат бербеген күндө деле Навальный орусиялыктарды массалык акцияга конституциялык укугунан пайдалануу менен чыгууга чакырууда.
Владимир Путин 18-мартта төртүнчү мөөнөткө шайланган.
2012-жылдын 6-майында Путиндин үчүнчү мөөнөткө шайлануусуна каршы Москванын Болотная аянтына он миңдеген адам чогулган болчу. Анда полиция менен кагылышууда 400дөн ашуун киши кармалган. Бийлик бул окуяны массалык башаламандык катары карап, кылмыш ишин козгогон. Кеминде 35 адам жоопкерчиликке тартылып, алардын 20сы түрмөгө түшкөн. (UE)