Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:38

ЖК фракциялары өкмөттүн отчетун угат


Эсенкул Момункулов, Сапар Исаков жана Артем Новиков.
Эсенкул Момункулов, Сапар Исаков жана Артем Новиков.

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” жана “Республика – Ата Журт” фракциялары өкмөттүн 2017-жылы аткарган иши боюнча отчетун угат. Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйында өкмөт башчы Сапар Исаков жана вице-премьер-министр Даир Кенекеев баяндама жасайт.

11-апрелде КСДП фракциясы өкмөттүн ишин канааттандырарлык деп тапкан. Жыйында социалдык маселелерде чекиликтер айтылганы менен көпчүлүк аны жакшы деп баалаган. Фракция лидери Иса Өмүркулов бул чечимдин көчүрмөсү спикерге, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетине жөнөтүлөрүн айткан.

Сапар Исаков жетектеген өкмөт былтыр августта куралган. Алгач ал жалаң жаш адистерден түзүлгөн алдыңкы өкмөт катары сыпатталган эле. Бирок алты ай өтпөй жатып, анын курамында бир катар өзгөрүүлөр болду. Бир гана премьерди курчаган ондон ашуун кеңешчиси өзгөрө элек. (КE)

XS
SM
MD
LG