Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:29

Ош облустук ооруканасына 3,3 млн. сомго жабдуу берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасына жалпы суммасы 3 млн. 340 миң сомдон ашуун каражатка заманбап медициналык жабдуу берилди.

БУУнун Өнүктүрүү программасы “Азаттыкка” кабарлагандай, дартты аныктоо жана жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоо үчүн жабдуулар Кара-Кулжа, Ноокат жана Өзгөн райондорундагы саламаттык сактоо уюмдарына берилет. Бул 221 миң айыл тургунун сапаттуу тейлөөгө шарт түзөт. Бүгүн техника расмий түрдө өткөрүлүп берилет.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр оорулары биринчи орунда. Бардык өлүмдөрдүн 50% инсульт менен инфаркттан экени аныкталган. Соңку кезде бул илдеттер жаштар арасында көп кездешип жатат. Көпчүлүгү Орусия, Түркия сыяктуу чет өлкөлөргө барып дарыланууга мажбур. (КЕ)

XS
SM
MD
LG