Бүгүн Булан институту Ош шаарында мугалимдердин социалдык абалы менен макамына байланыштуу талкуу өткөрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” институттун өкүлү Назгүл Калмамбетова билдирди.
- Кыргызстандагы бардык мектептердеги мугалимдердин жашоо-шарты, укугу, пенсияга чыккан мугалимдер кандай маяна алат, категорияны эмнеге алып салган, жаштарды тартуу боюнча кандай шарттар каралган деген темада терең иликтөө жүргүзүп жатканбыз. Анын алдында талкуу өткөрөбүз, - деди Калмамбетова.
Анда мугалимдерди мамлекеттик камкордукка алуу жана аларга социалдык колдоо көрсөтүү маселеси бир катар мыйзамдарда каралганы менен аларга көңүл бурулбай жатканы тууралуу сөз болот.
Иш-чарага Билим берүү министрлигинин жана анын коомдук кеңешинин, Ош мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, мамлекеттик жана жеке менчи мектептердин, лицейлердин, гимназиялардын, интернаттардын директорлору, мугалимдер жана эксперттер катышат. (КЕ)