Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы башчысы, "кызмат абалынан кыянат пайдаланды" деген шек менен кармалган Болсунбек Казаков Бишкектеги №1 тергөө абагына которулду. Бул тууралуу "Азаттыкка" расмий булактар кабарлашты.
Казаков 10-апрелде кармалган. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык экени айтылып жүргөн коттеждердин жең ичинен сатылышына байланыштуу кылмышка байланыштуу шек саналууда.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 307-беренеси ("Лицензиялык уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу") менен кылмыш иши козголгон.
2017-жылдын күзүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттеж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана улутташтырылганы айтылган. Аукционду коомчулукка белгисиз "ВостокТехКомплект" компаниясы уткан.
Бул мүлктүн сатылышы боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мыйзамсыз иштер бар экенин жазган. (SE)