Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Таласта облус башчынын айдоочусу катышкан жаңжал иликтенүүдө


Талас.
Талас.

Таластын Көк-Токой айылынын тургуну Каныбек Иманбаев өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн айдоочусу сабап салганын айтып, "Азаттыкка" кайрылды. Ал 7-апрелде облус башчысы Марат Мураталиевдин айдоочусу Каныбек Өзүбеков менен чатакташа кеткенин, айдоочу достору менен аны уруп койгонун айтууда.

- Айылдагы токой тараптан тартыша кеттик. Анан ал досторун чакырды. Беш-алты бала келди. Мен таякем менен болчумун. Аны ары алып кетишип, Каныбек менен дагы бир бала мени сабады. Башка-көзгө ургулашкан. Азыр башым ооруп атат. Губернатордун шоопуру экен. Ошого таянып атса керек. Менин ишиме милиция кызматкерлери реакция кылбай жатат. Бир жолу түшүнүк кат алып кеткен бойдон кабар жок, - деди Иманбаев.

Айыпталып жаткан Каныбек Өзүбеков айылдашы токойдон мыйзамсыз кум ташыганы үчүн ур-токмокко кабылганын билдирди.

- Мындан эки жыл мурда айылдагы элден кол топтоп, кум ташыгандарды токтотком. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эки-үч жыл сайын миллиондогон акча коротуп, дамба курат. Булар кумду дарыянын жээгинен алып суунун нугун ары-бери буруп жатат. Ошол күнү токойго машине киргенин көрдүм. Барсам алар үч киши экен. Түшүндүрүп айтсам, өздөрү жакалай баштады. Жалгыз алым жетпейт болчу.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалганын айтып, текшерүү жүрүп жатканын кошумчалады. (AlS)

XS
SM
MD
LG