Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы "Премьер-министр оппозициялык фракцияларга отчет берүүгө келбей койду" деген кабар чындыкка дал келбесин билдирди.
Анын алдында Жогорку Кеңештин оппозициядагы "Республика - Ата-Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары "премьер-министр Сапар Исаков өзү келбегени үчүн өкмөттүн 2017-жылга карата баяндамасын угуудан баш тартканы" тууралуу маалымат чыккан. Муну "Азаттыкка" фракция мүчөлөрү да билдиришкен эле.
Өкмөттүн басма сөз кызматы "Азаттыкка" мындай түшүндүрмө берди:
-"Республика – Ата-Журт” фракциясынын өкмөттүн отчетун угуу боюнча жыйыны 12-апрелде расмий түрдө башка күнгө жылдырылган. Анткени 13-апрелге премьер-министр Сапар Исаковдун Чүй облусунун Москва районуна жумушчу сапары белгиленген. Мындан улам “Өнүгүү Прогресс” фракциясындагы жыйынга Дайыр Кенекеев катышмак. Өкмөт башчы түштөн кийин "Кыргызстан" фракциясына отчет берет.
11-апрелде КСДП фракциясы өкмөттүн ишин канааттандырарлык деп тапкан.
Сапар Исаков жетектеген өкмөт былтыр августта куралган. (SE)