Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Санкт-Петербургда "Кыргызстандын жылуу шамалы" аттуу көргөзмө ачылды


Кыргызстандык депутаттар Санкт-Петербургдагы көргөзмөдө. 12-апрель, 2018-жыл.
Кыргызстандык депутаттар Санкт-Петербургдагы көргөзмөдө. 12-апрель, 2018-жыл.

Санкт-Петербургдагы Таврия сарайында кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көрзгөсмөсү ачылды. Тамила Маматова менен Таалайбек Мусурманкуловдун эмгектери коюлган көргөзмө "Кыргызстандын жылуу шамалы" деп аталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдап, көргөзмө КМШда быйыл жарыяланган Маданият жылынын алкагындагы иш-чара экендигин билдирди.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асел Кодуранова баштаган депутаттар Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн Парламент аралык ассамблея кеӊешинин жыйынынын алкагында ушул көргөзмөгө катышты.

Көргөзмө жана Парламент аралык ассамблея кеӊешинин жыйыны ушул күндөрү өтүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG