Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 07:57

Помпео Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимди бекемдеп, түзөтөрүн айтты


Майк Помпео.

АКШнын президенти Дональд Трамп мамлекеттик катчылыкка көрсөткөн Майк Помпео Ирандын өзөктүк келишимин бекемдөө жана түзөтүү үчүн Вашингтондун өнөктөштөрү менен кызматташууну улантаарын айтты.

Башкы дипломаттын кызматына көрсөтүлгөнгө чейин Борбордук чалгын башкармалыгын жетектеп турган Помпео дүйнөлүк алты держава менен Ирандын ортосунда 2015-жылы кол коюлган келишимди жана расмий Тегеранды буга чейин кескин сындап келген. Ал Мамлекеттик департаменттин башчылыгына бекитилгенден кийин "АКШ өзөктүк келишимден чыгышы мүмкүн" деген жоромолдор айтыла баштаган.

Бирок Помпео өзүн жаңы кызматка бекитүү маселесин караган Сенаттын Тышкы иштер комитетиндеги жыйында мындай кооптонууну басаңдаткандай болду.

"Мен келишимди түзөткүм келет. Бул башкы максат. Келишимди оңдоого мүмкүн болбосо, жакшыраак жыйынтыкка келүү жана жакшыраак келишимге жетишүү үчүн өнөктөш өлкөлөр менен бирге колдон келген аракетти кылууну президентке сунуш кылам", - деди Помпео.

АКШнын президенти Трамп Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимди 2016-жылдагы шайлоо өнөктүгүнөн бери сындап келет. Келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлмак болгон.

Кошмо Штаттардын мурдагы мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон 13-мартта кызматтан алынган. Иран "Тиллерсонду иштен алуу менен Трамп өзөктүк келишимден чыгуу ниетин көргөздү" деп билдирген.

XS
SM
MD
LG