Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:26

Ош: Жапалактын эки көчөсүнө газ берилди


"Ошгаз" ишканасынын жумушчусу.
"Ошгаз" ишканасынын жумушчусу.

Ош шаарынын Жапалак аймактык башкармалыгында 98 кожолукка жаратылыш газы берилди. 13-апрель күнү бул аймактык башкармалыктын эки көчөсүнүн жашоочулары көгүлтүр от пайдалана баштады. Ал жерде 600дөй тургун бар. Бул тууралуу мэрия "Азаттыкка" билдирди.

Конушту газга туташтырыш үчүн атайын жыйын уюштурулуп, ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, "Ошгаз" филиалынын директору Рашид Тагаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мэрдин айтымында, Жапалакка газ берилишинин артынан айылдын башка конуштарына, Арек, Орке, Татар, Кеңеш айылдарындагы 2900 үйгө көгүлтүр от жеткирүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Буга чейин “Газпром-Кыргызстан” ишканасы жер алдындагы эскирген 24 чакырым газ түтүгүн алмаштырып, шаардагы 22 324 даана газ эсептегичтер жаңыланган. (MdN)

XS
SM
MD
LG