Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Маммүлк фондунун жетекчисинин мурдагы орун басары камалды


Бакытбек Мураталиев.
Бакытбек Мураталиев.

"Идеал Хаус" шаарчасындагы сатуу боюнча кылмыш ишине тиешеси бар киши катары Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчисинин мурдагы орун басары Бакытбек Мураталиев камалды. Ички иштер министрлиги кабарлагандай, анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 307-беренеси ("Лицензиялык уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу") менен кылмыш иши козголгон.

10-апрелде ушундай эле кине менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы башчысы Болсунбек Казаков камалган. Алар "Идеал Хаус" деп аталган комплекстеги имараттарды сатууда бааларды арзандатууга катышы бар деп шек саналууда.

2017-жылдын күзүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттеж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана улутташтырылганы айтылган. Аукционду коомчулукка белгисиз "ВостокТехКомплект" компаниясы уткан.

Бул мүлктүн сатылышы боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мыйзамсыз иштер бар экенин жазган. (SE)

XS
SM
MD
LG