Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Орус депутаттары АКШнын санкцияларына жооп чара даярдашты


Мамлекеттик Думанын төрагасынын орун басары Иван Мельников.
Мамлекеттик Думанын төрагасынын орун басары Иван Мельников.

Орусиянын депутаттары Вашингтондун санкцияларына жооп иретинде АКШда жасалган товарларды импорттоого тыюу салууну сунуш кылышты. Американын санкцияларына каршы даярдалган мыйзам долбоорунда АКШдан компьютердик программаларды, алкоголдук ичимдиктерди жана айыл чарба өндүрүмүн импорттоого тыюу салуу каралган. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын төрагасынын орун басары Иван Мельников 13-апрелде журналисттерге билдирди.

"Бул мыйзам долбоорунда АКШдан же Кошмо Штаттардын биздин өлкөгө каршы чараларын колдогон башка мамлекеттерден чыккан айыл чарба өндүрүмүн же азык-түлүктөрдү алып келүүгө тыюу салуу, чектөө киргизүү тууралуу кеп болуп жатат", - деди Мельников.

Мындан тышкары Американын жарандары үчүн Орусияда иштөөгө да чектөө коюлушу мүмкүн.

6-апрелде Кошмо Штаттардын Финансы министрлиги орусиялык 24 адамга, анын ичинде кеминде беш миллиардерге, 14 жеке менчик жана мамлекеттик компанияга санкция жарыялаган. Ага ылайык, "кара тизмедеги" адамдардын же компаниялардын АКШдагы мүлкү камакка алынары жана америкалыктарга алар менен ишкерлик кылууга тыюу салынары кабарланган. Вашингтон мындай чектөөлөрдү "Москва 2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкен" деген негизде киргизген.

Санкциялардан улам орус рублинин куну түшүп, орусиялык олигархтар ээлик кылган компаниялардын акциялары арзандап кетти. 9-апрелде "Форбс" журналы орусиялык 50 бай бир күн ичинде 12 миллиард долларын жоготконун кабарлаган.

XS
SM
MD
LG