Линктер

жекшемби, 24-июнь, 2018 Бишкек убактысы 11:08

АКШнын жаңы санкцияларынан кийин Орусиянын улуттук валютасы болгон рублдин куну кетип жатат. Кремль муну убактылуу көрүнүш катары мүнөздөп, рынок жаңы шартка ыңгайлашаарын билдирүүдө.

10-апрелде Орусиянын улуттук валютасы 4,5 пайызга арзандап, доллардын курсу болсо 2016-жылдын декабрь айынан бери биринчи жолу 63 рублдан ашты. Евронун рублга карата курсу да эки жыл мурдагы жогорку көрсөткүчүнө же 78 рублга жетти.

Шейшембиде түштөн кийин рублдин куну бир аз көтөрүлүп, бир доллар 62 рублга барабар болду. Бирок бул деле орус улуттук валютасы өткөн аптага салыштырмалуу 2 пайызга төмөндөгөнүн көрсөтүп турат.
АКШнын жаңы санкцияларынан кийин Орусиянын ири компанияларынын акциялары да арзандап кетти.

6-апрелде Кошмо Штаттардын Финансы министрлиги Орусияга каршы санкцияларынын жаңы айлампасын жарыялап, бул жолу орусиялык 24 адамды, анын ичинде кеминде беш миллиардерди, 14 жеке менчик жана мамлекеттик компанияны бутага алган. Санкцияга ылайык, "кара тизмедеги" адамдардын же компаниялардын АКШдагы мүлкү камакка коюлат жана америкалыктарга алар менен ишкерлик кылууга тыюу салынат. Вашингтон мындай чектөөлөрдү "Москва 2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкен" деген негизде киргизген.

Кремл кабатыр болбоого чакырат

Ак үйдүн санкцияларын четке каккан Кремль рублдин куну кеткенин жана рыноктогу соңку кырдаалды убактылуу көрүнүш катары мүнөздөдү:

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

"Чындыгында базарда күчтүү терс тенденция байкалды. Бир жагынан буга рыноктун шарттары себепчи болду. Экинчиден эмоционалдык жагдай да таасирин тийгизди. Сиздер билгендей, мындай көрүнүштөр боло берет. Тиешелүү түзөтүүлөр болот".

Орусиянын вице-премьер-министри Аркадий Дворкович Кошмо Штаттардын жаңы санкцияларынан кийин рынокто белгисиздик өкүм сүрүп жатканын мойнуна алып, бирок жүз миңдеген адамдар иштеген компаниялардын ишин камсыз кылыш үчүн бардык чаралар көрүлөөрүн шейшембиде Москвадагы форумда айтты.

Ошол эле иш-чарада Орусиянын Борбордук банкынын төрайымы Эльвира Набиуллина финансылык туруксуздук болбой турганын, мамлекеттин санкциялардын кесепетин жөнгө салыш үчүн көп ыкмалары бар экенин билдирди.

Орусиянын Борбордук банкынын төрайымы Эльвира Набиуллина
Орусиянын Борбордук банкынын төрайымы Эльвира Набиуллина

"Мындай учурларда боло келгендей эле, алгачкы күндөрү рынокто олку-солку жагдай болот. Биздин оюбузча, экономиканын финансылык секторунун өзгөргөн сырткы жагдайларга ыңгайлашуусу үчүн бир аз убакыт керек".

Кантсе да соңку санкциялар орус олигархтарынын чөнтөгүн жукартты. Алар ээлик кылган компаниялардын акцияларынын биржалардагы баасы төмөндөп кетти. "Ведомости" гезити жазгандай, 9-апрелде Орусиянын баалуу кагаздар рыногунда жалпысынан 2 триллион 700 миллиард рублдук же 7% төмөндөө байкалган.

Олигархтар миллиарддардан ажыроодо

"Блумберг" басылмасынын эсебинде, АКШнын жаңы санкциялары себепчи болгон биржалардагы соңку абал миллиардерлердин тизмесине кирген Орусиядагы эң бай 27 адамдын 26сына кедергисин тийгизди. Маселен, "кара тизмеге" түшкөн "ЛУКОЙЛдун" президенти Вагит Алекперов 1,31 миллиард долларынан, миллиардер Виктор Вексельберг 1,28 миллиард, Орусиянын алюминий гиганты Олег Дерипаска 905 миллион долларынан ажырады.

9-апрелде "Форбс" журналы болсо орусиялык 50 бай бир күн ичинде 12 миллиард долларын жоготконун кабарлаган. Ага ылайык, Дерипасканын “Русал” компаниясынын акциялары Гонконг биржасындагы соодада дээрлик 50%, Орусиянын өзүндө 20% арзандаган.

АКШ санкция салган олигархтар (солдон оңго): Олег Дерипаска, Сулейман Керимов, Кирилл Шамалов, Виктор Вексельберг.
АКШ санкция салган олигархтар (солдон оңго): Олег Дерипаска, Сулейман Керимов, Кирилл Шамалов, Виктор Вексельберг.

Бирок Москвадагы Экономикалык эксперттик топтун мүчөсү Александра Суслина санкциялардын запкысы бир гана байларга эмес, катардагы орус жарандарына да тийиши мүмкүн экенин белгиледи:

- Санкцияларга байланыштуу кырдаал рублдин кунун кетиргенине күбө болуп жатабыз. Бул анык эле көрүнүп турат. Ушундан улам импорттук товарлар кымбатташы мүмкүн. Жаңы алынып келе турган товарлар кымбат болот. Балким курстук айырманы эске алып, азыртан эле кымбаттата башташкан чыгар?

Вашингтон Орусиянын Американын шайлоосундагы болжолдуу кийлигишүүсүнө байланыштуу Москвага бир нече жолу санкция жарыялаган. Кремль өзүнө коюлган дооматтарды бир нече жолу четке каккан.

Таасири дароо сезилген жаңы санкциялар Владимир Путиндин төртүнчү президенттик мөөнөтү башталган учурга туш келүүдө. Путин шайлоо өнөктүгү маалында элдин жашоо шартын жакшыртууга убада берген эле.

2016-жылдын башында мунайдын кескин арзандашынан жана Крымдын аннексиясына байланыштуу Батыштын санкцияларынан улам орус рубли кыйла күчун жоготуп, бир доллар 85 рублдан ашкан болчу. Рублдин курсунун бул аптадагы төмөндөшү казак теңгесине да таасирин тийгизгенин, Казакстандын улуттук валютасы 1,5 пайызга арзандап, эки ай мурунку төмөнкү чегине түшкөнүн "Рейтер" агенттиги жазып чыкты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG