Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Ала-Букада аскерлер үчүн "Апамдын ысык наны" акциясы өтүп жатат


"Апамдын ысык наны" акциясы. Ала-Бука, 13-апрель, 2018-жыл.
"Апамдын ысык наны" акциясы. Ала-Бука, 13-апрель, 2018-жыл.

Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда жайгашкан аскер бөлүктөрүндө райондогу аялдар кеңештери уюштурган “Апамдын ысык наны” акциясы башталды. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Калчабү Сатимбаева “Азаттыкка” билдирди.

13-апрелде аймактагы Сары-Талаа айылынын аялдар тобу №2030 чек ара тозотунда кызмат өтөп жаткан жоокерлерге ысык тамак, май токочторун алып барышты. Мындан тышкары, жоокерлер арасында апасына кат жазуу сынагы уюштурулуп, мыкты жазылган катты аялдар тобу өз дарегине жеткирмей болушту.

Мындай акция район аймагында жайгашкан 10 аскер бөлүктөрүнүн баарында жети жылдан бери уюштурулууда. Максаты - жоокерлерге Мекенди коргоодо дем-күч берүү жана жигиттердин апасына болгон кусалыгын жазуу. (RsK)

XS
SM
MD
LG