Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Индира Жолдубаева башкы прокурорлуктан бошотулду


Президент Сооронбай Жээнбеков Индира Жолдубаеваны кабыл алган учурлардын бири. 15-февраль, 2018-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков Индира Жолдубаеваны кабыл алган учурлардын бири. 15-февраль, 2018-жыл.

Индира Жолдубаева Кыргызстандын башкы прокурорунун кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 13-апрелде кол койду.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, Жолдубаева Конституциянын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде кызматтан алынды.

Аталган пунктта "Жогорку Кеңештин макулдугу менен башкы прокурорду дайындайт; мыйзамда каралган учурларда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин макулдугу же болбосо Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн экиси жактырган Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча башкы прокурорду кызматтан бошотот; Башкы прокурордун сунушу боюнча анын орун басарларын дайындайт жана кызматтан бошотот" деп жазылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Индира Жолдубаеваны кызматтан кетирүүнү Жогорку Кеңешке сунуш кылган. Парламент бул сунушту 11-апрелде колдоп берди. Мындай сунуш прокуратура өз милдетин так аткарбай калганы менен түшүндүрүлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG