Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:44

Өкмөт аппаратынын жаңы жетекчиси жана юстиция министри дайындалды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мурат Мукамбетов Кыргызстандын өкмөт аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка 13-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков кол койгону расмий кабарланды.

Өкмөт аппаратынын мурунку жетекчиси Нурханбек Момуналиевди ишиндеги чекилик үчүн кызматтан алуу жөнүндө премьер-министр Сапар Исаков президентке быйыл 12-мартта сунуш киргизген.

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Айнур Абдылдаева юстиция министри болуп дайындалды. Мурдагы министр Уран Ахметов өз ыктыяры менен апрелдин башында кызматтан кеткен. (SE)

​
XS
SM
MD
LG