Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

Кыргызстандык журналист Шохрух Саипов Түркияга киргизилген жок


Шахрух Саипов
Шахрух Саипов

Бүгүн (13-апрелде) Чехиянын борбору Прагадан Стамбул аба майданына үй-бүлөсү менен учуп келген кыргызстандык журналист Шохрух Саиповго Түркиянын аймагына кирүүгө уруксат берилген жок. Бул тууралуу учурда “Ататүрк” аба майданында кармалып турган Саипов өзү “Азаттыкка” билдирип, чек ара кызматкерлери аны жубайы жана уулу менен кошо кечки каттам менен Бишкекке жөнөтүүнү чечкенин айтты.

“Паспорт көзөмөлүнөн өтүп жатканда чек ара кызматкерлери жана түрк полициясы менин Түркия аймагына кирүүмө ушул жылдын январь айынан баштап Анкара тарабынан чектөө киргизилгенин айтышты. Мен таң калып, эмне үчүн деп сурасам, "себебин так айта албайбыз" дешти”, - деди Саипов.

Чек ара кызматкерлери Саиповго аны өлкөгө киргизбөөгө негиз берген документти көрсөтүшкөн. Ал баракта “Түркияга кирүүгө тыюу салынган” деген гана жүйө келтирилген.

Шохрух Саипов эки жыл мурда Түркияда жашап кеткенин, буга чейин бул өлкө жөнүндө деле макала жазбаганын, эмне себептен өлкөгө киргизилбей калганын айта албай турганын кошумчалады. Бул боюнча Түркиянын тиешелүү бийлик өкүлдөрү менен байланышууга азырынча мүмкүн боло элек.

Шохрух Саипов Би-Би-Синин өзбек кызматы жана “Фергана” басылмасы менен кызматташып жүрөт. Ал 2007-жылы Ош шаарында атып өлтүрүлгөн кыргызстандык журналист Алишер Саиповдун бир тууган иниси.

XS
SM
MD
LG