Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Алишерди эскерүү: жаш өмүрдү кыйган ок


Үй музейдин ачылышы. 24-октябрь, 2017-жыл
Үй музейдин ачылышы. 24-октябрь, 2017-жыл

24-октябрда Ош шаарында 10 жыл мурда атып өлтүрүлгөн кыргызстандык журналист Алишер Саиповдун үй музейи ачылды.

Аны менен катар Саипов негиздеген "Сиёсат" (Саясат) гезитинин мааракелик саны жана маркумдун макалаларынын топтому камтылган китеби да чыкты.

Маркум журналисттин үй музейинин ачылышына достору, аны жакындан билгендер жана кесиптештери келди. Үй музей болсо Саиповдун үй-бүлөсүнүн демилгеси менен уюштурулган.

Саипов тууралуу китеп.
Саипов тууралуу китеп.

Мындан 10 жыл мурда атып өлтүрүлгөн оштук журналист Алишер Саиповдун артында жалгыз Зулайка аттуу кызы калган. Ал журналисттик кесиптин кооптуулугунан улам дарыгер болууну чечкенин айтат:

- Мен мурда атам сыяктуу журналист болом дечүмүн. Бирок апам журналист болбо, кыз балага журналист болуу жарашпайт, анан да коркунучтуу деген. Ошондуктан мен дарыгер болом деп чечтим.

Зулайка атасынын үй музейинде. 24-октябрь, 2017-жыл
Зулайка атасынын үй музейинде. 24-октябрь, 2017-жыл

24-октябрда журналист Алишер Саиповдун каза болгонуна 10 жыл болду. Аны 2007-жылы 24-октябрда белгисиз адамдар Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө атып кетишкен. Ал окуя базардагыдай эл кайнаган жерде болгонуна карабастан кылмышкерлер табыла элек.

2010-жылы Алишердин өлүмүнө шектүү болуп, 20 жылга соттолгон жарандын күнөөсүз экени далилденген. Ал эми 2012-жылы кайра ачылган кылмыш иши дале жыйынтык бере элек. Андыктан Саиповдун жакындары бул кылмышты ким жасаганын биле албай келишет. Алишердин апасы Зайнабхан Саипова буларга токтолду:

- 10 жыл мурун дал ушул 24-октябрь күнү уулум Алишерди атып кетишкен. Алишер менин тун уулум эле. Азыр дагы ошол күндү унута албай жүрөм. Журналисттерди көрсөм ошолордун арасынан уулум чыга калчудай боло берет. Ишиңер кооптуу. Аман болгула. Мен силердей журналисттерди көрүп, уулумду көргөндөй болом.

Маркум журналист Алишер Саиповдун апасы Зайнабхан, иниси Шахрух жана кызы Зулайка үй музейдин ачылышында. 24-октябрь, 2017-жыл
Маркум журналист Алишер Саиповдун апасы Зайнабхан, иниси Шахрух жана кызы Зулайка үй музейдин ачылышында. 24-октябрь, 2017-жыл

Алишер Саиповдун жакындары анын он жылдык эскерүү кечесин да өткөрүштү. Ага карата Алишер негиздеген "Сиёсат" (Саясат) гезитинин юбилейлик санын жана ал жазган макалалар топтомун китеп кылып чыгарышты.

"Сиёсат" гезитинин жаңы саны.
"Сиёсат" гезитинин жаңы саны.

Маркумдун иниси Шахрух жакында журналисттер үчүн Алишер Саипов атындагы сыйлык да негизделерин билдирди.

- Алишер байкемдин өмүр баяны тууралуу даректүү тасма тартылды. Ал негиздеген "Сиёсат" ​гезитинин он жылдык юбилейлик санын агамдын бейнесине арнадык. Агам жазган макалалар топтомун китеп кылып чыгардык. Ал колдонуп жүргөн бүт буюмдарын чогултуп, үй музейин ачтык. Эми жаш журналисттер үчүн Саипов атындагы сыйлыкты да негиздеп жатабыз.

Шахрух Саипов.
Шахрух Саипов.

​Алишер Саипов 2005-жылдагы революцияны, аймактагы диний экстремизмди, терроризмди жана Өзбекстанда 2005-жылы болгон Анжиян окуясынын кесепеттерин активдүү чагылдырган.

Алишердин кесиптештеринин бири Даврон Насипханов ал жаш болсо да таланттуу, калеми курч, эр жүрөк жана шайыр адам эле деп эскерди:

- Алишер менен студенттик кезде таанышкам. Анын өзүнө таандык юмору бар эле. Адабиятты сүйчү. Дайыма күлүп жүрөр эле. Аябай эмгекчил эле. Бир ишти аягына чыкмайынча турбай отурчу. Кудай ага 26 жылдык өмүрдү берген экен. Ошол 26 жылга бүт эмгекти, күчтү, ырыскыны, жүрөктү сыйдырып койгонбу деп да ойлоп кетем.

Алишер Саипов көз жумганда болгону 26 жашта болгон. Ал “Америка добушу” радиосунда, "Азаттык" радиосунун өзбек кызматында, "Фегана.ру" маалымат агенттигинде, "Демос-таймс "жана өзү негиздеген "Сиёсат" ​гезитинде иштеген.

Саиповдун ысымы Вашингтондогу Newseum маалымат музейине жазылган. Ал жердеги мемориал дүйнө жүзүндө кызмат учурунда курман болгон журналисттерди эскерүү үчүн ачылган.

Алишер Саиповдун сыры ачылбаган өлүмү
please wait

No media source currently available

0:00 0:26:30 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG