Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:47

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирия маселесин карай баштады


БУУнун Коопсуздук кеңеши
БУУнун Коопсуздук кеңеши

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Орусиянын өтүнүчү менен Сириядагы соңку жагдайды талкуулоого киришти. Бүгүнкү жыйында Орусиянын БУУдагы элчиси Василий Небензя "АКШ, Британия жана Франция Сириянын президенти Башар Асадды бийликтен кетирүүгө жана Москванын мүмкүнчүлүктөрүн чектөөгө белсенип турат" деп айтты. Ал Сирияда орус күчтөрү жүргөнүн эске алганда Жакынкы Чыгыштагы бул өлкөгө багытталган чабуул глобалдык коопсуздук үчүн оор кесепеттерге алып келерин белгиледи.

Коопсуздук кеңешинин чукул жыйыны АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Дамасктын четиндеги болжолдуу химиялык чабуулга жооп иретинде Сирияга аскерий чара көрүүнү караштырып жаткан учурда өтүп жатат.

Буга чейин Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Сирияга сокку урулушу мүмкүндүгүн ишара кылып, "адамдарды газ менен өлтүрүп, андан ырахат алган "айбандар" менен өнөктөш болууга мүмкүн эмес" деп Москваны сындаган.

Дамаск менен Москва Дума аймагында химиялык чабуул болбогонун айтып жатат. Сирияда Чыгыш Гута аймагынын козголоңчулар колундагы Дума шаарчасында 7-апрелде хлор газы колдонулду делген чабуулдан кеминде 43 кишинин өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG