Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:36

Укук коргоочулар Сирияга сокку урууга каршылык билдирүүдө


Сирия. Дамаск. 14-апрель, 2018-жыл.

Кыргызстандык укук коргоочулар Сирияга абадан сокку урууга каршылык билдирип чыгышты. "Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча конгресси" уюмунун координатору, укук коргоочу Турсунбек Акун АКШ, Британия жана Франциянын аракети эл аралык эрежелерге, БУУнун чечимине каршы келерин "Азаттыкка" маалымдады:

- Биз үч мамлекеттин аскердик операцияларына каршыбыз. БУУнун Коопсуздук кеңеши муну колдогон жок. Орусия, Кытай вето койду. Ошого карабастан АКШ, Франция, Британия дүйнөлүк коомчулукту укпай туруп сокку баштап отурат. Эми миңдеген киши каза болуп, объектилер талкаланат. "Химиялык курал" деп атып Иракты, Ливияны талкалашты. Химиялык курал табылган жок. Шылтоо болгон. Азыр деле ошондой болуп атат. Дүйнөлүк катуу жаңжал чыгып кетиши мүмкүн. БУУнун баш катчысы да "бул туура эмес, саясий жол менен чечүү керек эле, аскердик операциянын кереги жок" деп каршы болуп атат.

АКШ президенти Доналд Трамп Сириянын аскердик жайларына таамай сокку уруларын Бишкек убактысы боюнча 14-апрелде эртең мененки саат 7.00дө жарыялады.​ (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG