Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:06

Аба ырайы: жаан жаайт


Жалал-Абад
Жалал-Абад

Кыргызстанда 15-апрелде түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын бир катар жерлеринде жаан, тоолуу райондорго кар жаайт.

Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25;

Таласта түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 20..25;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20;

Нарын облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 15...20 градуска чейин жогорулайт.

Бишкекте 15-апрелде жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 22...24 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош жолунун 121-137-чакырымдарында (Төө-Ашуу), 198-255- чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Каракол-Эңилчек жолунун 74-90 - чакырымдарында (Чоң-Ашуу) кар көчкү коркунучу бар. Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот. Андыктан автоунаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.

XS
SM
MD
LG