Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

Алканова: Мага козголгон кылмыш иши кыскартылышы керек


Элнура Алканова.
Элнура Алканова.

Журналист Элнура Алканова "Идеал Хаус" боюнча өзүнө козголгон кылмыш иши "тергөөдө кыскартылышы керек" деп эсептейт. Бул тууралуу Алканова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчилеринин камалганы өзүнүн журналисттик иликтөөсүндө көрсөтүлгөн маалыматтардын ырастала баштаганын айгинеледи:

- Менин журналисттик иликтөөмдө көрсөтүлгөн маалыматтар учурда тергөө тарабынан расмий түрдө ырасталып жатат. Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчилиги бул иш боюнча кармалып, камакка алынгандан кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат мага козголгон кылмыш ишин тергөөдөн кыскартышы керек. Бирок бул боюнча мага тергөө кандай жүрүп жатканын да айтпай, ал иш эмне болгону мага белгисиз бойдон турат. Менин иликтөөмдө өкмөт башчы Сапар Исаковдун иниси БТА банкында иштей турганы көрсөтүлгөн. Аны кийин Башкы прокуратура да тастыктаган. Бирок ал жерде "анын алды-саттыга тиешеси болгон эмес" деп тапкан.

Буга чейин "Идеал Хаус" чыры боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков жана анын орун басары Бакытбек Мураталиев камакка алынган.​ Алар "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жерде жайгашкан "Идеал Хаус" комплексиндеги имараттарды сатууда "бааларды арзандатууга катышы бар" деп шек саналууда.

2017-жылдын күзүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду аталган комплекс жайгашкан 48 коттеж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана улутташтырылганы айтылган. Аукционду коомчулукка белгисиз "ВостокТехКомплект" компаниясы уткан.

Бул мүлктүн сатылышы боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мыйзамсыз иштер бар экенин, ага өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашканын жазып чыккан. Андан соң премьер-министр чуулгандуу "Идеал-Хаус" шаарчасына байланышкан видеороликти жана андагы маалыматтарды териштирүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылып, Алкановага кылмыш иши козголгон.(NT)

XS
SM
MD
LG