Линктер

ишемби, 21-апрель, 2018 Бишкек убактысы 21:23

АКШ президенти Дональд Трамп мындай көз карашты бүгүн "Твиттердеги" баракчасы аркылуу билдирди. Трамптын жазгандарына караганда, Сирияга өткөн түнү жасалган сокку “мыкты аткарылды”, ал “мындан жакшы жыйынтыкка жете алмак эмес”.

АКШ президенти “Миссия орундалды” деп белгиледи.

Бишкек убактысы боюнча бүгүн эртең менен ал Ак үйдөн жасаган жарыясында Сирияга аскердик соккунун максаты тууралуу буларга токтолгон:

- Өткөн ишемби күнү Асаддын режими бул ирет борбор Дамасктан алыс эмес Дума шаарында бейкүнөө тургундарды жок кылуу үчүн кайрадан химиялык курал колдонду. Аталган кыргын бул өтө коркунучтуу режим тарабынан химиялык куралды колдонуунун кыйла күчөшү болду. Биздин бүгүнкү аракеттердин максаты - химиялык куралды колдонууну, өндүрүүнү, таратууну токтото турган күчтүү системаны түзүү. Бул карасанатай жоруктарга Америка, Британия, Франциянын биргелешкен жообу биздин аскердик, экономикалык, дипломатиялык кубатыбыздын бардык аспаптарын камтыйт. Биз бул жоопту Сирянын режими тыюу салынган химиялык заттарды колдонууну токтотмоюнча кармоого даярбыз.

АКШнын Коргоо министрлиги - Пентагондун баштапкы билдирүүсүнө караганда, Сирияны карай 100дөн ашуун ракета атылды. Бутага президент Башар Асаддын режиминин химиялык курал жасоосуна тикелей байланышы бар үч жай алынды.

Бүгүн болсо Пентагон АКШ, Британия, Франциянын биргелешкен операциясында "сокку ар бир бутага ийгиликтүү" жасалганын кабарлады. Мекеменин расмий өкүлү Дана Уайт алар көргөн чараны "жүйөлүү, пропорционалдуу, мыйзамдуу" деп мүнөздөдү.

Ал эми генерал-лейтенант Кеннет Маккензинин айтымында, сокку жасалган үч жай "режимдин химиялык курал инфраструктурасынын фундаменталдык компоненти" болгон. Өткөрүлгөн аскерий операцияны "так жана эффективдүү" деген генерал белгилегендей, ал Сириянын химиялык курал программасын "узак жылдарга артка таштады".

Жарандык согушта Сирия президенти Башар Асаддын бийлигин колдоп келе жаткан Орусия менен Иран АКШ жана анын өнөктөштөрүнүн аскердик аракетин кескин айыптады. Орусия бүгүнкүгө да БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул отурумун кайрадан чакырууда.

АКШ жана анын өнөктөштөрү 7-апрелдеги химиялык чабуул деген окуядан улам Сирияга жооп кайтарууну бир аптадан бери караштырып жаткан. Анда Дума шаарчасында хлор газы колдонулганда, оппозиция активисттеринин, жергиликтүү куткаруучулардын айтымында, 43 кишинин өмүрү кыйылган, арасында балдар да бар.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун бүтүмү боюнча Думада мерт болгон 43 адам «өтө уулуу химиялык заттын таасирине шайкеш келген симптомдордон» жабыр тарткан. Москва менен Дамаск бул окуяны “чагым” деп мүнөздөп, эч кандай химиялык чабуул болгон эмес деп ырасташкан. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG