Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Ысык-Көлдө Жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери сабалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигине караштуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Түп райондук башкармалыгынын инспекторлору автокырсыктан жабыркагандардын жакындары тарабынан сабалды. Бул тууралуу облустук милициядан "Азаттыкка" ырасташты.

Маалыматка караганда, инспекторлор жол кырсыгы тууралуу акт түзүп жатканда сабалып, ооруканага түшкөн. Окуя боюнча тергөө жүрүп жатат.

14-апрелде Түп районунун Балбай айылында Күрмөнтү айылынын тургуну башкарган «Тойота Авенсис» үлгүсүндөгү автоунаа катуу ылдамдыкта келип, бир нече жолу аласалып, жол жээгиндеги үйдүн тосмосуна урунган. Натыйжада айдоочу жана дагы бир жүргүнчү оор жараат менен ооруканага жеткирилгени кабарланган.

Күбөлөр машине жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринен качып келатканын айтышкан. Жол кырсыгына кабылган кишилердин бири каза тапканы тууралуу да маалымат тарады.

XS
SM
MD
LG