Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:53

Миңдеген венгерлер Виктор Орбандын саясатына каршы чыгышты  


Будапешттеги демонстрация. 14-апрель, 2018-жыл.
Будапешттеги демонстрация. 14-апрель, 2018-жыл.

Венгриянын борбору Будапештте 14-апрелде миңдеген демонстранттар парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршылык билдирип, демонстрацияга чыгышты. Алар шайлоонун жыйынтыгы бурмаланган деп нааразылыгын айтышты.

8-апрелде өткөн парламенттик шайлоодо учурдагы премьер-министр Виктор Орбандын "Фидес" деп аталган партиясы жеңгени расмий жарыяланган.

Будапешттеги акциянын катышуучулары "Биз - көпчүлүкпүз!" деген ураан чакырып, добуштарды кайрадан санап чыгууну, шайлоо жана басма сөз эркиндигине кепилдик тууралуу мыйзамды өзгөртүүнү талап кылышты.

Виктор Орбан үч мөөнөттөн бери өкмөттү жетектеп келет. Шайлоо алдындагы үгүт иштерине ал батыштык иммиграциялык саясатты кабыл албай турганын айткан. Орбандын сынчылары аны "демократиялык баалуулуктарга жана көз карандысыз медиага басым көрсөтүп жатат" деп айыптап келишет.

Мындан тышкары аны Орусиянын президенти Владимир Путинге ачык эле "жан тартат" деп сындагандар да бар.

XS
SM
MD
LG