Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:28

Кыргызстанда үч айда 900гө жакын өрт катталды


Ош базарындагы өрт. Бишкек. 13-апрель, 2018-жыл.
Ош базарындагы өрт. Бишкек. 13-апрель, 2018-жыл.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери 878 өрт катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул көрсөткүч 2017-жылдын ушул мезгилине караганда 19,9% көп. Быйыл өрт кырсыктарынан 28 кишинин өмүрү кыйылды, арасында жаш бала да бар. Мындан тышкары, он беш киши ар кандай жараат алды. Куткаруучулар 43 кишини сактап калышкан. Үч ай ичинде катталган өрт кырсыктары 292 миллион сомдук зыян келтирген.

Былтыр тилсиз жоодон 31 адам каза болгон. ӨКМ өрт кырсыктарына көбүнчө электр жабдууларын туура эмес колдонуу, этиятсыздык, меш пайдалануудагы эреже бузуу, балдардын от менен ойногону себеп болорун билдирди.

13-апрелге караган түнү Бишкектеги "Берекет" базарында өрт чыгып, 2000 чарчы метр аянт товарлары менен кошо күйүп кеткен. Ушул эле күнү Жалал-Абаддагы борбордук базарда да өрт чыккан.

XS
SM
MD
LG