Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Тендер өткөрүүдө мыйзам бузуу болгону аныкталды


Кыргызстандагы мектептердин бири.
Кыргызстандагы мектептердин бири.

УКМК билдиргендей, Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы мыйзамсыз иштерди жасаганы аныкталды. Маалыматка караганда, 2017-жылы аталган мекеме Кара-Суу районундагы Ачы жана Араван районундагы Кең-Сай айылдарындагы cоциалдык объектилерди куруу иштерин жүргүзүүдө ачык соода жүргүзгөн эмес. Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузуу менен бир катар келишимдерди түзүшкөн.

Бул келишимдердин негизинде аталган мекемеге тиешеси бар ортомчу ишканаларга 228 миллион сомдон ашык каражат которулган.

Факты боюнча атайын кызмат топтогон материалдардын негизинде Ош облустук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызматтык абалынан кыянат пайдалануу") жана 306-беренеси ("Өлкө кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу") менен кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG