Линктер

шейшемби, 19-июнь, 2018 Бишкек убактысы 08:31

Парламенттеги Социалдык саясат жана билим берүү комитети окуучуларга мектепте смартфон алып жүрүүгө тыюу салуу жөнүндө токтом долбоорун карайт. Авторлор бул долбоор мектеп окуучуларынын адеп-ахлагын сактоо менен билим алышын жакшыртууга багытталганын айтышты. Алардын пикиринде, смартфондор аркылуу балдар Интернеттеги терс таасири көп дүйнөгө азгырылып жатышат, алар телефондорун мектепте сабакка көңүл бурбай колдонгон учурлар көп катталууда. Долбоор авторлору смартфондорду мектеп аймагында колдонууга тыюу салууну сунуш кылып жатышат.

Ошондой эле бүгүн бул комитетте окуучулардын мектеп формасы боюнча да сөз болот. Токтомдо мектепке ачык кийинип келүүгө тыюу салуу тууралуу да сунуш киргизилген.

Токтом долбоорунун автору - депутат Махабат Мавлянова.

Жарандык активисттер жогорудагы токтом долбоору балдардын укугун бузат деп белгилеп келишет. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG