АКШнын Финансы министрлиги 16-апрелде Орусияга карата жаңы санкциялардын тизмесин жарыялайт. Бул тууралуу АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли "CBS News" телеканалы менен болгон маегинде билдирди. Анын айтымында, жаңы санкциялар Сириянын президенти Башар Асадды химиялык курал колдонууга байланыштуу жабдыктар менен жабдууга тиешеси болгон бардык ишканаларга киргизилет.
АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Хантсман Орусиянын Тышкы иштер министрлигине Башар Асадды колдогону үчүн жаңы санкциялар болоорун эскерткен кат жибергенин "Коммерсант" гезити 15-апрелде жазды.