Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:52

Сапар Исаков мектептердин курулуш сапатына көңүл бурууну талап кылды


Жаңы мектептин ачылышы. Бишкек. 1-сентябрь, 2017-жыл.

Өкмөт башчы жаңы мектептердин аларды куруудан баштап, пайдаланууга өткөрүп берүүгө чейинки сапатына толук көңүл бурууну өкмөт мүчөлөрү менен жолугушууда талап кылды.

13-апрелде бир катар мамлекеттик мекемелердин жетекчилери менен жолугушкан учурда премьер-министр Сапар Исаков курулуш компанияларынын каржылык дараметине жана абийиринин тазалыгына көңүл буруу зарыл экенин айтты:

- Курулган объектилер толук көлөмдө өткөрүлүп берүүгө тийиш. Эң башкысы - сапатын текшергиле. Бардык жаңы курулган мектептерди текшергиле, аныкталган мүчүлүштүктөрдү жойгула.

Өкмөт башчы ошондой эле мектеп имараттарын камсыздандыруу зарыл экенин да белгиледи.

Курулуш жана архитектура агенттигинин жетекчиси Бактыбек Абдиевдин өкмөт башчыга маалымдаганы боюнча, 2016-2017-жылдары курулган 100 мектептин ичинен 13үндө кемчиликтер табылган, бирок оңдолгон.

2012-жылдан тартып Кыргызстанда 243 мектеп курулуп, пайдаланууга берилген. Бул мектептердин курулушуна 10,7 млрд сом сарпталган. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG