Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:35

Экс-президент КСДП фракциясынын мүчөлөрү менен жолугушат


Атамбаев КСДПнын курултайында. 31-март, 2018-жыл.
Атамбаев КСДПнын курултайында. 31-март, 2018-жыл.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөлөрү менен жолугушат. Жолугушуу мамлекеттик резиденцияда болоору жөнүндө Интернетте тараган маалыматты фракция мүчөсү Элвира Сурабалдиева ырастады:

- Саат ондо биз Социал-демократтар партиясынын лидери менен жолугабыз. Мен партиянын мүчөсү катары жолугушууга барам.

Сурабалдиеванын маалыматы боюнча, жолугушуу тууралуу жума күнү кабарланган.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын лидери, экс-президент Алмазбек Атамбаев менен парламенттеги фракция мүчөлөрү жолугушары тууралуу партиянын штабынан маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын президентинин кызматынан 2017-жылы ноябрда мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кеткен. Мамлекет башына анын партиялашы, мурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков шайлоо жолу менен келген. Экс-президент КСДП партиясына төрагалык кылууну 31-марттан бери улантууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG