Ош облусундагы мектептердин бирине байланыштуу тендер мыйзамсыз өткөнү аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.
Анда айтылгандай, Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы 2017-жылдын 29-сентябрында Ноокат районундагы мектептердин бирине спорт зал жана көмүр отказанын куруу боюнча 16 млн. 990 миң 214 сомго тендер жарыялаган. Ошол эле жылдын 14-ноябрында тендер жыйынтыкталып, алты катышуучу фирманын ичинен “Икар-А” ЖЧК жеңүүчү деп табылган. Тергөө учурунда бул фирма тендерге эң көп сумманы - 14 млн. 363 миң 528 сомду сунуш кылганы аныкталган.
Натыйжада сынак “Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө” мыйзамды бузуу менен өткөн деген жыйынтык чыккан.
Факты боюнча атайын кызмат топтогон материалдардын негизинде Ош облустук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызматтык абалынан кыянат пайдалануу") жана 306-беренеси ("Өлкө кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу") менен кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда. (ErN)