Түптүн Балбай айылында жол коопсуздугун камсыздоо инспекторлорун сабагандарга Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренеси ("Бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү") боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Окуя 14-апрелде болгон. Жол кырсыгы учурунда чогулган 20-30дай киши эки инспекторду сабап, формаларын айрып, погондорун жулуп алышкан.
Факт боюнча соттук-медициналык экспертиза түзүлүп, тергөө иштери жүрүп жатат. Сабалганы кабарланган инспекторлор ИИМдин госпиталына которулуп, дарыланууда.
14-апрелде Балыкчы, Ананьево жана Каракол жолунун 183-чакырымында жол кырсыгы катталган. Жол коопсуздугун тескеген кызматкерлерден качып бараткан автоунаа оодарылып кетип, үч бала жаракат алып, бирөө каза болгон. Учурда бир баланын да абалы оор.
Бул кырсык боюнча жабыр тарткандардын жакындары эки инспекторду күнөөлөп, кол көтөрүшкөн деген маалымат тараган. (AsM\ErN)