Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:58

Арменияда нааразылык акциялары уланууда


Оппозицияныны тарапташтары жолдорду торошту. Ереван. 16-апрель, 2018-жыл.
Оппозицияныны тарапташтары жолдорду торошту. Ереван. 16-апрель, 2018-жыл.

Арменияда оппозициячыл активисттер баш калаа Ереванда башкы жолдорду тороп, мурдагы президент Серж Саргсяндын премьер-министрликке көрсөтүлүшүнө каршылык билдиришти. Активисттер ошондой эле шаардын борборундагы метронун кире беришин 10 мүнөттөй тороп турушту.

Акциялардын башында турган Никола Пашиниан бир күн мурда Еревандагы баардык жолдор, метролор жана айрым көпүрөлөр жабыларын билдирген. Ал бардык жарандарды 16-апрелде парламент имаратынын алдына жүрүшкө чыгууга чакырган. Полиция бул акциялар жай тургундардын эркин жүрүшүн чектеп жатканы үчүн мыйзамсыз экенин билдирип, бирок демонстранттардын аракеттерине кийлигишкен жок. Нааразылык акциялары миңдеген адамдардын катышуусунда Ереванда 13-апрелден бери уланып жатат.

2015-жылдагы конституциялык реформадан кийин Арменияда премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилип, президенттики тескерисинче азайган эле.

Өлкөнүн мурдагыдай жалпы эл эмес, парламент шайлаган президенти Армен Саркисян 9-апрелде кызматка киришти.

Армениянын парламенти жаңы премьер-министрди 17-апрелде шайлашы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG