Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Пакистанда "ИМ" тобу христиандарга кол салды


Кветта шаарындагы полиция кызматкери.
Кветта шаарындагы полиция кызматкери.

Пакистанда христиан динин тутунган эки адам чиркөөдөн келатканда окко учту. Окуя үчүн жоопкерчиликти өзүнө “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу алды. Белужистан провинциясынын борбору Кветта шаарында 15-апрелдин кечинде болгон окуяда дагы сегиз киши жарадар болду.

Бир нече жума мурда христиандар Пасха майрамын белгилеп жатканда “Ислам мамлекети” террорчул уюмдун согушкерлеринин огунан төрт киши мерт болгон.

Пакистандын 200 миллиондой калкынын эки пайыздайын христиандар түзөт. Белужистанда жана башка аймактарда отурукташкан христиандарга радикал топтор утур-утур кол салып келишет.

XS
SM
MD
LG